Медициналык коллежде «Уңгу жол» аттуу тарбиялык иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

Медициналык коллежде «Уңгу жол» аттуу тарбиялык иш-чара өттү

Image

ОшМУнун vедициналык коллежинде 28-апрелде «Уңгу жол» аттуу тарбиялык иш-чара өттү. Анда студенттер кыргыздын каада-салтын сахналаштырды.

Иш-чарага колледждин окутуучулары жана студенттери катышты. Кыргыз элинин тарыхы, каада-салты жана маданияты тууралуу баяндамалар окулду. Ыр-күүлөр аткарылды. Студенттер улуттук кийим кийип, сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты.

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, Медициналык коллеждин директору Замирбек Арынов сөз сүйлөдү. Алар мындай иш-чаралар жаштарды улуттук рухта тарбиялоого, маданий мурасты сактоого жардам берерин айтышты. Студенттерге ийгилик каалашты. Жыйынтыгында активдүү студенттерге ректораттын грамоталары жана төш белгилери берилди.

Иш-чараны коллеждин тарбия иштери боюнча орун басары Жылдыз Исманалиева, окутуучулар Нурсулуу Атажанова, Кызбурак Муратбаева уюштурду.

 

Фото галерея