ОшМУга августта Жапониядан абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция келет

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга августта Жапониядан абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция келет

Image

 Ректор Кудайберди Кожобеков жетектеген Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) делегациясы Жапониянын Токио шаарында иш сапар менен жүрөт.

Сапар кыргыз-жапон SATREPS эл аралык долбоорунун алкагында өттү. Долбоор Токио илим институту менен биргеликте ишке ашырылат. Максаты атмосфералык абанын курамын изилдөө, абанын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин баалоо болууда. Спутниктик маалыматтардын негизинде абанын булганышын моделдештирүү да пландалган. Долбоор беш жылга ылайыкташкан, бюджети – 5 миллион доллар.

Делегация 27-апрелде Токио мэриясынын айлана-чөйрө департаментинин өкүлдөрү менен жолукту. Абанын сапатын көзөмөлдөгөн станциялардын иши менен жеринде таанышты. Алардын маалыматы боюнча, Токиодо 200гө жакын, Жапонияда 2000ден ашуун станция иштейт. Алар 1970-жылдан бери үзгүлтүксүз маалымат чогултуп келет.

Horiba компаниясынын башкы кеңсесинде ОшМУга коюла турган станция тууралуу маалымат берилди. Жабдуу даяр, ал апрель айынын аягында Кыргызстанга жөнөтүлөт. Июнь айында ОшМУга жеткирилет. Станция август айынан баштап абанын сапаты боюнча маалымат бере баштайт.

Жолугушууда техникалык маселелер, адистерди окутуу, жабдууну орнотуу жана иштетүү тартиби талкууланды. Жапон тарап май-июнь айларында орнотууга жардам берүү үчүн эки адисин жиберет. Долбоор бүткүчө керектүү газды да өздөрү беришет.

Делегация жабдуу чыгарган компаниялардын кеңсесине барып, техникалык документтерди карады. Логистикалык компаниялар менен да жолугуп, жабдууну жеткирүү, орнотуу боюнча отчет алды. Иш сапардын алкагында Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги, университеттер, клиникалар жана ооруканалар менен да жолугушуулар пландалган.

Эске салсак: 2025-жылдын 18-ноябрында ОшМУда аталган долбоордун алкагында кир абаны изилдеген IRCAPS илимий борбору ачылган.  Аталган долбоор беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, 2025-жылдан тарта ишке ашырыла баштады. Аны Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен Илим жана технология агенттиги (JST) каржылайт. Негизги өнөктөш Токио илим институту.

 

Фото галерея