Студенттер Анжияндагы завод жана IT паркта тажрыйба топтоп келишти

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Анжияндагы завод жана IT паркта тажрыйба топтоп келишти

Image

ОшМУнун Бизнес паркы 22-апрелде Өзбекстандын Анжиян шаарына бизнес-тур уюштурду. Сапар Бизнес парктын стартап-резиденти WOW VISIT туроператору менен биргеликте өттү.

Бизнес-турга университеттин ар кайсы институттарынан жана коллеждеринен ишкердикке кызыккан элүүгө жакын студент, окутуучу катышты. Сапар учурунда делегация бир нече ишкана жана мекеме менен таанышты. Алар DINAR GROUP текстиль заводуна барып, өндүрүш процесси, башкаруу системасы, экспорт мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билишти. 

Андан соң катышуучулар Анжиян IT паркында болушту. Ал жерде IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөр, инновациялык долбоорлор менен таанышып, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Делегация Кокон университетине да барды. Ал жерде билим берүү жаатында тажрыйба алмашты. Ошондой эле Анжиян мамлекеттик тарых музейине барып, аймактын тарыхы, маданияты менен жакындан таанышты.

Бизнес-турдун максатыжаш ишкерлерди эл аралык тажрыйба менен тааныштыруу, жаңы байланыштарды түзүү, заманбап ишканалардын ишин жеринен көрсөтүү жана ОшМУда стартап экосистеманы өнүктүрүүболуп саналат.

Фото галерея