ОшМУда Раимбек Жандозовдун жеке концерти өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Раимбек Жандозовдун жеке концерти өттү

Image

23-апрелде Индустриалдык-педагогикалык коллежинин музыка мугалими, маданияттын мыкты кызматкери Раимбек Жандозовдун «Сизге ыр сунам» аттуу жеке чыгармачылык концерти болду.

Концертке ОшМУнун окутуучулары, студенттери, Фергана мамлекеттик университетинен келген коноктор, маданият өкүлдөрү, өнөр сүйүүчүлөр катышты. ОшМУнун проректору Нуржамал Мапаева университет жетекчилигинин атынан Раимбек Жандозовду куттуктап, ыраазычылык баракча, эс алууга жолдомо тапшырды.

Концертте кыргыздын классикалык жана заманбап ырлары аткарылды. «Издейм сени», «Эсиңдеби», «Гүл болсоң сан гүлдөрдүн арасынан» деген обондор жаңырды. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери Таалайбек Турдубаевдин чыгармасы орун алды. Театр артисттери, жаш аткаруучулар да өз номерлерин тартуулашты.

59 жаштагы Раимбек Жандозов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан болот. Ал 1988–1992-жылдары ОшМУнун музыка факультетинде окуган. Эмгек жолунда ар кандай тармакта иштеген. Ички иштер органдарында да жооптуу кызматтарды аркалаган. 2019–2024-жылдары Ош шаардык искусство мектебинде музыкадан сабак берген. Азыр ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык коллежинде иштеп, студенттерге музыкадан билим берип келет.

 

Фото галерея