Чыгыш таануу боюнча 100дөн ашык илимий баяндама угулду

Башкы Жаңылыктар

Чыгыш таануу боюнча 100дөн ашык илимий баяндама угулду

Image

22-апрелде ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда «Илим айлыктын» алкагында «Кыргызстандагы чыгыш таануунун, лингвистиканын, филологиянын, конфликтологиянын актуалдуу маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарада белгилүү окумуштуулар Капар Зулпукаров, Гүлипа Мадмарова, Венера Сабирова баяндама жасады. Доценттер Абдумиталип Мырзакметов, Светлана Алымкулова, Рахат Сагындыкова, Тыныстан Пазылов да өз изилдөөлөрүн тааныштырды.

Чыгыш таануу институтунан профессор Байболот Абытов, доцент Жолдошбек Бөтөнөев, улук окутуучулар Шерзодбек Носиров, Канатбек Жолдошали уулу, окутуучулар Айсулуу Таирова, Дильноза Имадинова жана башкалар илимий иштери менен бөлүштү. Студенттер менен магистранттар да активдүү катышып, баяндама окушту.

Конференцияда жалпысынан 100дөн ашык илимий баяндама угулду. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Иш-чараны Чыгыш таануу кафедрасы уюштурду. Ага институттун окутуучулары, студенттер, магистранттар катышты. Ошондой эле Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун, кыргыз-кытай факультетинин өкүлдөрү келди.

 

Фото галерея