Теология факультети Ислам академиясы менен кызматташууну кеңейтет

Башкы Жаңылыктар

Теология факультети Ислам академиясы менен кызматташууну кеңейтет

Image

20-апрелде ОшМУнун Теология факультетине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Ислам академиясынын делегациясы иш сапары менен келди. Делегацияны академиянын проректорлору Жеңишбек Элболдуев жана Майрамбек Жусупов баштап келди.

Сапардын алкагында коноктор факультеттин иши менен жакындан таанышты. Аларга билим берүү процесси, окуу-илимий жетишкендиктер, келечектеги пландар тууралуу маалымат берилди. Эки тарап билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоо, окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Ошондой эле окуу процессинде жаңы технологияларды колдонуу, диний билимдин сапатын арттыруу жана аны эл аралык стандарттарга жакындатуу багытында пикир алышты.

Мындан тышкары кызматташтыкты тереңдетүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулар менен студенттер арасында тажрыйба алмашууну күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.



 

Фото галерея