Гапыр Мадаминов: студенттин ийгилиги 90% өзүнөн көз каранды

Башкы Жаңылыктар

Гапыр Мадаминов: студенттин ийгилиги 90% өзүнөн көз каранды

Image

Бул тууралуу белгилүү педагог, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов 14-апрелде ОшМУнун Тарых жана юридика институтунда өткөн семинарда айтты. 

Иш-чарага институттун студенттери жана Ош шаарындагы тарых мугалимдери катышты. Анда ал окуучунун же студенттин ийгилигинин 80–90%ы өз алдынча иштөөсүнө көз каранды экенин белгиледи. Мадаминовдун айтымында, мугалим билимди даяр бербей, окуучуга аны өз алдынча өздөштүрүүгө шарт түзүп бериши керек. Катышуучулар «Акыл эмгегинин маданияты» китебинин негизинде окуу процессинде колдонууга боло турган практикалык сунуштар менен да таанышты. 

Иш-чара студенттердин өз алдынча өнүгүүсүнө багыт берүү жана билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды жайылтуу максатында уюштурулду.

Гапыр Мадаминов – белгилүү кыргыз педагог-новатору, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими. Ал учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназияны жетектейт. Мадаминов «Акыл эмгегинин маданияты» жана «Энелер мектеби» сыяктуу сабактарды камтыган өзгөчө окутуу методикасын иштеп чыккан. Ошондой эле «Агай» телесериалындагы башкы каармандын прототиби катары дагы коомчулукка белгилүү.


 

Фото галерея