1-курс студенттери арасында “Брейн-ринг” форматындагы интеллектуалдык оюн ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинде өттү.
Мелдешке төрт команда катышты. Анда студенттер тарых, астрономия, география, кыргыз тили, математика жана физика сабактары боюнча суроолорго жооп беришти. Логикалык тапшырмалар аркылуу критикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин коллежинин командасы жеңүүчү деп табылды. Байгелүү орундарды алган командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чараны ОшМУнун коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү программасынын предметтик циклдик комиссиясынын окутуучулары Айгуль Ормонова, Максатай Садыкова жана Айжамал Абдырахманова уюштурду. Алардын айтымында, мындай интеллектуалдык таймаштар студенттердин билим деңгээлин жогорулатып, активдүү, таланттуу жаштарды аныктоого өбөлгө түзөт.