8-апрелде Кыргыз-Кытай факультетинде “Азыркы чакырыктардын контекстиндеги социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чара философия илимдеринин доктору, академик Осмон Тогусаковдун жаркын элесине арналды. Анда анын илимий мурасы, ошондой эле социалдык-гуманитардык илимдердин глобалдык чакырыктар шартындагы ролу кеңири талкууланды.
Ачылыш аземинде окуу жайдын илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Дилмурат Турсунов эл аралык кызматташуунун илим менен билим берүүдөгү маанисине токтолду. Ошондой эле К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев, УИАнын А.Алтмышбаев атындагы Философия институтунун директору Нур Саралаев жана чет өлкөлүк эксперттер баяндама жасап, тажрыйба бөлүштү.
Секциялык жыйындарда студенттер жана аспиранттар жасалма интеллект, биоэтика, экологиялык аң-сезим, конфуцийчилик менен кыргыз баалуулуктары сыяктуу заманбап темаларды талкууга алышты. Жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынып, Осмон Тогусаковдун илимий мурасын изилдөөнү улантуу, жаш окумуштууларды колдоо жана социалдык философия багытындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле “Тогусаков окуулары” аттуу туруктуу илимий аянтчаны түзүү демилгеси көтөрүлдү.
Конференциянын жыйынтыктары мамлекеттик идеология жана маданий өнүктүрүү программаларын, анын ичинде президенттин “Уңгу жол” жарлыгынын жоболорун ишке ашырууда колдонулары айтылды.