Студенттер Өзгөн мунарасы тарыхый комплекси менен таанышты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Өзгөн мунарасы тарыхый комплекси менен таанышты

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин студенттери Өзгөн мунарасы тарыхый комплексине таанып-билүү сапарын жасашты. 

Анда алар мунаранын тарыхы, анын курулуш өзгөчөлүктөрү жана Караханиддер доорундагы мааниси тууралуу маалымат алышты.  Ошондой эле катышуучулар өз таасирлери менен бөлүшүп, мындай иш-чараларды мындан ары да улантуу зарылдыгын белгилешти.

Окутуучулардын айтымында, практикалык экскурсиялар студенттердин билимин бекемдеп, тарыхка болгон кызыгуусун арттырат жана мекенге болгон сый-урматты күчөтөт. Ушуга байланыштуу сапар жаштардын улуттук мурастарды тереңирээк түшүнүүсүнө багытталган.

Өзгөн мунарасы кыргыз элинин бай тарыхын чагылдырган маанилүү тарыхый эстеликтердин бири болуп саналат.

 

Фото галерея