Орусиялык окумуштуулар ОшМУда тажрыйба бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Орусиялык окумуштуулар ОшМУда тажрыйба бөлүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунда профессор Игорь Шаршов жана доцент Алёна Андреева конок лекция өтүп, окутуучулар жана студенттер менен тажрыйба бөлүштү. Алар Орусиянын Тамбов мамлекеттик университетинин өкүлдөрү. 

Жолугушууда коноктор өздөрүнүн университетинин ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат берип, педагогика багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алар ошондой эле жеке адамдын кесиптик жана чыгармачыл жактан өнүгүүсү, анын өзгөчөлүктөрү, өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары инклюзивдик билим берүүнүн бүгүнкү абалы менен анын келечектеги багыттары боюнча да ой бөлүшүштү.

Иш-чарага Педагогика, искусство жана журналистика, ошондой эле Филология жана маданият аралык коммуникация институттарынын окутуучулары, студенттери катышты. Алар конокторго суроолорун берип, жандуу талкуу уюштурушту. Семинардын соңунда уюштуруучулар конокторго ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды.

Педагогика кафедрасынын башчысы Гүлмира Жутанованын айтымында, мындай жолугушуулар эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана билим берүү тармагында жаңы идеяларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Фото галерея