Бишкекте өткөн Кыргызстандын универсиадасынын алкагында стол теннис боюнча жогорку лигадагы мелдеште Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) командасы экинчи орунду ээледи.
Мелдешке өлкөдөгү жогорку окуу жайлардан 12 команда катышып, күч сынашты.
ОшМУнун командасында Төлөн Орозалиев, Жакшылык Ыдырыс уулу, Бекназар Мамадалиев жана Адилет Мамасеитов оюн көрсөтүштү. Ал эми команданы машыктыруучулар Нурсултан Зарылбек уулу, Шүкүрали Тойчиев жетектеди.
Универсиада 11-мартта башталып, 27-апрелге чейин созулат. Иш-чараны Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен «Жаштык» дирекциясы уюштурууда.