Педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасынын доценти Сейил Эргешова Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде конок лекция окуду.
Ал журналистика жана коммуникация институтунун 2-курс студенттерине «Коммуникациядагы семиотика: маалыматтын белгилер аркылуу берилиши» темасында сабак өттү. Лекцияда маалыматты жеткирүүдөгү символдордун, белгилердин жана образдардын ролу, алардын аудитория тарабынан кабыл алынышы, медиаконтентте колдонулушу мисалдар менен түшүндүрүлдү.
Иш-чара студенттердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга жана эки окуу жайдын ортосундагы илимий-академиялык байланышты бекемдөөгө багытталды.