ОшМУ шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун мэрияга сунуштады 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорун мэрияга сунуштады 

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бир катар долбоорлорун мэрияга сунуштады. 

Бүгүн, 3-февралда шаар бийлигинин өкүлдөрү менен болгон жыйында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары студенттер менен биргеликте иштеп чыккан «Санарип Ош» долбоору тааныштырылды. Институттун директору Бектур Азимовдун айтымында, долбоор шаарды санариптештирүү үчүн алты негизги багытты камтыйт. Алар:

  • «Смарт Транспорт Ош»;
  • «Санарип Ош базар»;
  • «Акылдуу жол чырак»;
  • 112 санариптик системасы;
  • Бейтеп үчүн мобилдик тиркеме;
  • Бирдиктүү шаардык карта.

Азимов долбоор ишке ашса, университет узак мөөнөттүү жоопкерчиликти алып, иштердин сапаттуу аткарылышына кепилдик берерине токтолду.

Ошондой эле Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун профессору Абдуганы Абдурасуловдун «Ош шаарынын аймагында эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана мал чарбасында асыл тукум иштерин өнүктүрүү» долбоору презентатцияланды.

Жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ханбийке Асанова жана тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери катышты. Ректор ОшМУнун шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы тууралуу маалымат берип, мындан ары да ар тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.



 

Фото галерея