Ректор Кудайберди Кожобеков «Уңгужол» улуттук идеясы боюнча форумга катышты

Башкы Жаңылыктар

Ректор Кудайберди Кожобеков «Уңгужол» улуттук идеясы боюнча форумга катышты

Image

Бүгүн, 17-декабрда Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “«Уңгужол»  улуттук идеясын ишке ашырууда жогорку билим берүүнүн ролу” аттуу форумга катышты.  

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында уюштурулуп, анда жогорку окуу жайлардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү орду талкууланды. Анда Кудайберди Кожобеков баяндама жасап, университеттин "Уңгужол" доктринасын ишке ашыруудагы илимий изилдөөлөрү, университеттер аралык кызматташтык жана инновациялык багыттагы иш-аракеттери тууралуу айтып берди.  

“"Уңгужол" улуттук идеясынын контекстинде университеттер аралык илимий кызматташтыктын мааниси бүгүнкү күндө илим жана билим берүү улуттук атаандаштыктын негизги булактарына айланууда. "Уңгужол" улуттук идеясы билим, биримдик, инновация жана жоопкерчилик аркылуу алдыга жылуу зарылдыгын баса белгилейт. Мындай шарттарда биздин университеттер илимий чечимдердин генераторлоруна, таланттарды интеграциялоо платформаларына,  санариптик жана экономикалык трансформациянын кыймылдаткычтарына жана  социалдык туруктуулуктун жана маданий иденттүүлүктүн борборлоруна айланышы керек”, –деди ал. 

Форумга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ректорлору жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышты. Койчиев “Уңгужолдун” маани-маңызын мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө багытталган негизги идеологиялык багыты катары мүнөздөп, университеттерди жаштарга билим берүү менен катар улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө чакырды. 

Форум жогорку билим берүү тармагында бирдиктүү аракеттерди жана улуттук идеологияны ишке ашырууда илим менен билимдин ролун арттырууга багытталды. 

Фото галерея