ОшМУда жаштардын бизнес-долбоорлору тааныштырылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жаштардын бизнес-долбоорлору тааныштырылды

Image

Бүгүн, 9-ноябрда ОшМУда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн бизнес-форум өттү. Анда жаш ишкерлердин долбоорлору тааныштырылып, бизнести каржылоо жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Форумга өнүктүрүү фонддорунун, каржы уюмдарынын, ишкердикти колдоо мекемелеринин өкүлдөрү, ата мекендик компаниялардын негиздөөчүлөрү катышты. Алар жаштарга бизнес баштоо, долбоорлорду каржылоо, инвестиция тартуу жана ишкердикти өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар талкууланды.

Иш-чара «Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык жаштар форумунун алкагында уюштурулду. Анда ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева жаштарды форумдун алкагындагы иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Бизнес-форум жаштардын ишкердик демилгелерин колдоого, жаңы идеяларды өнүктүрүүгө жана жаш ишкерлер менен тажрыйбалуу адистердин байланышын бекемдөөгө багытталды. Иш-чара «Кыргызстан жаштар кыймылы», ОшМУ, Ош Бизнес Ассоциациясы жана Ош шаарындагы Ишкердикти колдоо борборунун демилгеси менен өткөрүлдү.