Ош мамлекеттик университети менен Наманган мамлекеттик университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча келишимге кол коюлду. Ага ылайык, дарылоо иши жана фармация багыттары боюнча билим алган коңшу өлкөнүн студенттери ОшМУнун да дипломун ала алышат.
Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Наманган мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хаётбек Кадиров баштаган делегациянын ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптар 2025-2026-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында абитуриенттерди кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөрү айтылды.
Кол коюлган документке ылайык, эки окуу жайдын ортосунда биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу каралган. Кош диплом берилүүчү адистиктерге тапшырган студенттер үч жыл НМУда, эки жыл ОшМУда билим алышат.