ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Image


Бүгүн ОшМУда 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил  күнүнө карата “Ким барктаса өз энесин, өз тилин, Барктай билет, дүйнө элинин көп тилин” аталышындагы факультеттер аралык майрамдык салтанат болуп өттү.
Иш-чарага ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору Олжобай Шаимкулов, институттун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер  катышты.
Кечеде студенттер ар улуттун эне тилин, маданиятын, каада-салт, үрп-адаттарын көрсөтүшүп, улуттук тамак-аштарын тартуулашты. Түрдүү улуттардагы элдердин эне тилин даңазалоо менен бири-бири менен достошуп, ынтымактын үлгүсүн көрсөтүштү.
Иш-чара Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.
Белгилей кетсек, 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.

Фото галерея