Кореянын Ханянг университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Башкы Жаңылыктар

Кореянын Ханянг университети ОшМУ менен кызматташууга кызыкдар

Image

Кореянын спорт илимдер федерациясынын вице-президенти, Ханянг университетинин профессору Квон Те Вон баштаган делегация 18-февралда ОшМУда болду. Алар ректор Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашты.

Алар алдыда ОшМУ менен алака түзүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Кызматташуунун алкагында студенттер жана окутуучулар арасында алмашуу программаларын ишке ашырып, конок лекцияларды уюштуруу каралууда.  

Андан сырткары Квон Те Вон Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окутуучулары жана студенттер менен жолугуп, конок лекция окуду. Лекцияда ал  сергек жашоо образын кичинекей кезден калыптандыруу,  адамдын ден соолугунун мыкты болуусунда дене тарбиянын ролу боюнча айтып берди. Катышуучулар менен суроо жооп орун алды.

Фото галерея