Ош шаарыны мэри Жеңишбек Токторбаев 18-февралда калаадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолукту. Жыйын Ош технологиялык университетинде өтүп, ага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков да катышты. Ал мурдагы Ош шаардык ооруканасынын ордуна жаңы жети кабаттуу медициналык клиниканын курулушу жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле Кожобеков боор алмаштыруу операциясына окуу жайдын базасы даяр экенин белгиледи.
Ал эми ветеринария клиникасында жаңы Ала-Тоо породасындагы койлорду чыгаруу иши, Өзгөндүн Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү жүргөн аймакты калыбына келтирүүдө экологиялык долбоорлор ишке ашып жатканы боюнча маалымат берди.
Жыйында Жеңишбек Токторбаев шаардагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган биргелешкен иштерге өзгөчө басым жасап, атаган тармактар боюнча пландык иштерди талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө мэр ОшМуда алдыңкы технологиялар боюнча иштеп жаткан бир катар инновациялык борборлор менен таанышты. Жаңыдан пайдаланууга берилген “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, Борбор Азия критикалык минералдар инновациялар” борборлорунун жеринен көрдү. Бул борборлор спутниктик технологияларды колдонуу аркылуу аймактагы жер ресурстарын, экологиялык кырдаалды жана башка чөйрөлөрдү мониторинг кылат.
Жолугушууда Ош шаарынын түштүк-чыгышындагы студенттик шаарчанын инфраструктурасын жакшыртуу, жол тыгындарын жоюу максатында окуу жайлар менен макулдашуулар болду.