ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУ эл аралык рейтингдерде

Башкы Окуялар

ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: ОшМУ эл аралык рейтингдерде

Image

2025-жыл Ош мамлекеттик университети үчүн ийгиликтүү жыл болду. QS Rankings Asia 2026 рейтингинде Азияда ТОП-316, Борбор Азияда ТОП-22ге кирди.  

Өзгөчө макамга ээ болгон университет билимди, илимди жана өндүрүштү бириктирип, дуалдык окутууну күчөттү. Өз алдынча стандарт түзүү, академиялык жана финансылык автономия ОшМУнун туруктуу өнүгүү модели 2023–2026 жылдарда ишке ийгиликтүү ашууда.

Эл аралык өнөктөштөр менен кош диплом программалары кеңейип, университетибиз QS Stars рейтингинен 4 жылдыз алды. QS Туруктуулук рейтингинде ОшМУ курчап турган чөйрө жана коомго тийгизген таасири үчүн ТОП-1251, башкаруу боюнча ТОП-1107ге кирди. 

ОшМУнун негизги артыкчылыгы – илимий долбоорлорду коммерциялаштырып, инновацияга инвестиция кылганы. Окуу жайыбыз дүйнөлүк рейтингге ишенимдүү кадам таштаган, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан университет.