Турсун Юлдашев ОшМУнун ардактуу профессору болду

Main News

Турсун Юлдашев ОшМУнун ардактуу профессору болду

Image

16-сентябрда физика-математика илимдеринин доктору, профессор Турсун Юлдашевге «ОшМУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

Наам ага билим берүү жана илим тармагындагы эмгеги, ошондой эле ОшМУ менен болгон тыгыз илимий кызматташтыгы үчүн берилди.

Ректор Кудайберди Кожобеков профессор функционалдык-дифференциалдык теңдемелер жана математикалык анализ багытында изилдөө жүргүзүп келген белгилүү окумуштуу экенин белгиледи. Иш-чарага катышкан окумуштуулар анын илимий ишмердүүлүгүнө, эмгек жолуна токтолуп, ардактуу наамы менен куттукташты.

Ошол эле күнү профессор Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда «Функционалдык-дифференциалдык теңдемелердин абстракттуу чечимдеринин жыштыгы жана супербөлүштүрүүлөрдүн гипермейкиндиктеринин касиеттери» деген темада лекция окуду. Анда функционалдык-дифференциалдык теңдемелердин абстракттуу чечимдери, алардын касиеттери, бул багыттагы заманбап изилдөөлөр тууралуу сөз болду.

Турсун Юлдашев ОшМУда илимий семинарларды, лекцияларды өткөрүп, жаш окумуштуулар менен тажрыйбасын бөлүшүп келет. Ал 2024-жылдан бери Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин жогорку математика кафедрасында профессор, Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда илимий кызматкер болуп эмгектенет.

Юлдашев 500дөн ашык илимий жана илимий-методикалык эмгектин, илимий баяндамалардын автору. Учурда ОшМУнун колдонмо математика жана информатика багытындагы 3 PhD докторантына илимий жетекчи, эки докторантка илимий кеңешчи болуп иш алып барууда. Профессор дүйнөдөгү эң көп цитаталанган окумуштуулардын алдыңкы эки пайызынын катарына кирет. Бул көрсөткүч Стэнфорд университети, Elsevier компаниясынын Scopus маалымат базасынын 2025-жылдагы версиясында жарыяланган рейтингдин негизинде белгиленген.

Photogallery