ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү уланууда

Main News

ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин ортосунда кош дипломдуу билим берүү уланууда

Image

11-августта Ош мамлекеттик университетинде Урал мамлекеттик медициналык университетинин (УрММУ) башкаруу жана мүлктүк комплекс боюнча проректору Александр Осипов, жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча проректору Регина Хлынова менен жолугушуу өттү. 

Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Элзар Эшаров, Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов катышты. Тараптар эки окуу жайдын ортосунда ишке ашырылып жаткан кош дипломдуу билим берүү программасы, алдыдагы кызматташтык тууралуу сүйлөштү. 

Учурда Урал мамлекеттик медициналык университетинин өкүлдөрү ОшМУда көчмө кабыл алуу комиссиясынын ишин жүргүзүп, кош дипломдуу программага тапшырууну каалаган талапкерлердин кирүү сынактарын өткөрүүдө. 11-августта талапкерлер орус тили боюнча сынак тапшырышты. 12-августта химия предметинен экзамен өтөт. 

Мындай кабыл алуу форматы талапкерлерге кирүү сынактарын Ош шаарында тапшырууга жана аталган окуу жайдын өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Буга чейин абитуриенттер ЖРТнын жыйынтыгы менен ОшМУнун медицина факультетине кабыл алынган. 

Жолугушуунун жүрүшүндө УрММУнун өкүлдөрү ОшМУнун клиникалык базалары менен таанышып, студенттердин практикалык даярдыгы үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты. Тараптар кош дипломдуу билим берүү программасын мындан ары өнүктүрүүгө, медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана студенттердин практикалык даярдыгын күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилешти. Ошондой эле ординатура, квалификацияны жогорулатуу багыттарында кызматташууну кеңейтүү боюнча иштерди улантуу макулдашылды.

Маалымат үчүн: ОшМУ менен УрММУнун кош дипломдуу билим берүү программасы 2021-жылдан бери иштеп келет. Программа боюнча студенттер дарылоо иши жана стоматология адистиктеринде билим алышат. Алар үч жыл ОшМУда, үч жыл УрММУда окушат. Окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттер эки окуу жайдын дипломун алышат. 

Учурда программанын алкагында студенттер УрММУнун төрт, беш жана алтынчы курстарында билим алышууда. Алгачкы бүтүрүүчүлөр окуусун аяктап, дипломдорун алышкан. 



 

Photogallery