Тоо экосистемаларын сактоодо заманбап технологияларды колдонуу талкууланды

Main News

Тоо экосистемаларын сактоодо заманбап технологияларды колдонуу талкууланды

Image

ОшМУнун Спутниктик зондирлөө борборунда тоо экосистемаларын коргоо боюнча илимий талкуу өттү.

Иш-чарага Пакистандын Бахрия университетинин жер жана айлана-чөйрө илимдери кафедрасынын жаш изилдөөчүсү Жалал Уд Дин, ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Курстантбек Аттокуров, доценттер Элмурат Обдунов, Динара Абжапарова, Ош технологиялык университетинин жана «Ага Хан» фондунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн адистери катышты.

Катышуучулар илимий изилдөөлөрдө спутниктик маалыматтарды, заманбап компьютердик программаларды, жаңы технологияларды колдонуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты. Ошондой эле климаттын өзгөрүшү күчөп жаткан шартта спутниктик технологияларды жана геомаалыматтык системаларды илимий иштерге кеңири колдонуу зарылдыгын белгилешти.

Мындай технологиялар жер көчкү болгон аймактардын абалын баалоого, калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыгын көзөмөлдөөгө, климаттын тоо экосистемаларына тийгизген таасирин изилдөөгө жардам берет. Ошондой эле бул багытта жергиликтүү жана эл аралык адистердин биргелешкен изилдөөлөрүн күчөтүү зарылдыгы айтылды.

Илимий талкуу Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Аталган долбоорду ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар консалтинг борбору ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты – жер көчкүдөн жабыркаган топуракты калыбына келтирүү, токой отургузуу жана климаттын өзгөрүшү шартында биорекультивация иштерин жүргүзүү.

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районундагы 2017-жылы жер көчкү болгон аймакта жайгашкан «Курбу-Таш» илимий-өндүрүштүк участогунда изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Анда дээрлик 100 гектар жердеги биорекультивация иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн GPS технологиясынын жардамы менен аймактын координаттары такталган. Алынган маалыматтар атайын компьютердик программаларга киргизилип, талдоодон өткөрүлгөн.

 

Photogallery