Окутуучулар жана студенттер эл аралык жайкы лагерге катышууда

Main News

Окутуучулар жана студенттер эл аралык жайкы лагерге катышууда

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери Өзбекстандын Кокон университети уюштурган эл аралык жайкы лагерге катышууда. Иш-чара 3-августта башталып, 7-августка чейин уланат.  

Делегациянын курамында Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун чет тилдер жана маданияттар аралык коммуникация кафедрасынын башчысы, профессор Венера Сабирова, Эл аралык байланыштар департаментинин башкы адиси Алтынай Жеңиш кызы, институттун доценттери Дамира Асанова, Сейданахан Алимбаева, Вилена Гареева, улук окутуучу Гульсере Эрназарова, окутуучу Мөөркан Айтбаева, сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын доценти Зуура Турдубаева, жалпы тарых жана тарыхты окутуунун методикасы кафедрасынын доценти Аида Дүйшөнбаева, университеттин ар түрдүү институттары, факультеттери менен билим берүү программаларынан 40 студент (бакалавр жана магистратура) бар. 

Беш күндүк программанын алкагында катышуучулар билим берүү семинарларына, мастер-класстарга, интерактивдүү тренингдерге, маданий жана спорттук иш-чараларга катышып жатышат. Ошондой эле Өзбекстандын тарыхый-маданий мурастары менен таанышып, эл аралык академиялык, кесиптик байланыштарын кеңейтүүдө. 

Жайкы лагер жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданияттар аралык диалогду чыңдоо, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусуна, достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган. 

 

 

 

 

Photogallery