Кара-Суу гимназиясынын бүтүрүүчүсү Гүлпери Жуматаева 2026-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 234 упай алды.
Муну менен ал өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчүнүн катарына кирди. Натыйжада “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.
17-июнда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору берген тизмеге ылайык, Бишкек шаарынан – 34, Ош шаарынан – 1, Ош облусунан – 1, Чүй облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 3, Жалал-Абад облусунан – 4, Россия мектептеринин 1 окуучу “Алтын сертификат” алат.
2017-2018- окуу жылында ОшМУнун «Билим» лицейнин бүтүрүүчүсү Акназар Амиров ЖРТдан эң жогорку упай топтоп, «Алтын сертификатка» ээ болсо, 1 окуучу Ош облусу боюнча эң жогорку упай алып, өлкө башчысынын колунан атайын белекке ээ болгон.