Бүгүн, 5-июнда Ош мамлекеттик университетинде окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга арналган “Идея. Аракет. Натыйжа” аталашында салтанаттуу иш-чара өттү.
Анда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков сөз сүйлөп, окуу жылы ичинде жетишилген ийгиликтерге токтолду. Ал университеттин өнүгүшүнө салым кошкон студенттерге жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, алардын аракеттери окуу жайдын жетишкендиктеринин негизин түзөрүн белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө мыкты студенттерге ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиясы тапшырылды. Стипендия билим алууда, илимий изилдөө иштеринде, коомдук жана чыгармачылык багыттарда жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздап келген студенттерге ыйгарылды.
Ректор өз сөзүндө жаштардын демилгелерин жана чыгармачылык изденүүлөрүн университет ар дайым колдой турганын белгилеп, бүгүнкү ийгиликтер келечектеги чоң жетишкендиктердин башаты экенин айтты.
Мындан сырткары, окуу жылынын жүрүшүндө тарбиялык, уюштуруучулук жана коомдук иштерде өзгөчө активдүүлүк көрсөткөн окутуучулар. студенттер Ош шаардык мэриясынын, облусунун, ОшМУнун Ардак грамоталары, Ыраазчылык баракчалары берилди.
“Идея. Аракет. Натыйжа” иш-чарасы окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу менен бирге университеттин өнүгүшүнө салым кошкон мыктыларды даңазалоонун жана алардын эмгегин баалоого багытталып ар жылы өткөрүлүп келет.