Кыргыз –Монгол дипломатиялык алакалары тууралуу конок лекция өттү

Main News

Кыргыз –Монгол дипломатиялык алакалары тууралуу конок лекция өттү

Image

23-мартта Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда Кыргызстандын Монголиядагы мурдагы элчиси, саясий илимдердин кандидаты Айбек Артыкбаевдин катышуусунда конок лекция уюштурулду.

Лекция «Кыргызстан – Монголия дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги» деген темада өтүп, ага студенттер, магистранттар, профессордук-окутуучулук курам катышты.

Иш-чарада спикер эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын калыптаныш тарыхы, азыркы кызматташтык багыттары жана келечектеги өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле өзүнүн дипломатиялык тажрыйбасынан мисалдарды айтып, катышуучулар менен ачык форматта баарлашты. Лекциянын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берилип, практикалык сунуштар айтылды.

Айбек Артыкбаев институттун эки студентин же магистрантын Монголиядагы жогорку окуу жайларынын биринде моңгол тилин бюджеттик негизде окутууга көмөк көрсөтөрүн билдирди. Мындан тышкары дагы эки илимий кызматкерди аталган өлкөгө илимий иш сапары менен жиберүүгө колдоо көрсөтүү ниетин айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев конокко ыраазычылык билдирди.

Photogallery