17-мартта ОшМУнун медицина факультетинин терапевтикалык стоматология кафедрасы Кара-Суу районунун Монок айылындагы Д. Султанов атындагы жатак мектебинде профилактикалык иш-чара өткөрдү.
Иш-чара кафедра башчысы, доцент Алимбек Исмаиловдун жетекчилиги менен өтүп, ага окутуучулар жана стоматология адистигинин студенттери катышты. Анда 1–4-класстын окуучуларына тиш гигиенасын сактоо боюнча маалымат берилип, тишти туура тазалоонун жолдору көрсөтүлдү. Мындан сырткары окуучуларга стоматологиялык текшерүү жүргүзүлүп, ар бирине жеке сунуштар берилди. Ошондой эле түштүк кореялык стоматологдордун колдоосу менен балдарга тиш пасталары жана щётка белек катары таратылды.
Профилактикалык иш-чара башталгыч класстын окуучуларынын ооз көңдөйүнүн саламаттыгын чыңдоо жана тиш ооруларынын алдын алуу максатында уюштурулду.