Академиялык мобилдүүлүк: окутуучулар Манас шаарында конок лекцияларды өтүштү  

Main News

Академиялык мобилдүүлүк: окутуучулар Манас шаарында конок лекцияларды өтүштү  

Image

Эл аралык билим берүү программалары колледжинин окутуучулары Манас шаарындагы К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттинде иш сапарда болушту. 

Алар аталган университеттин студенттерине өздөрүнүн билимдери менен бөлүшүп конок лекцияларды окуду. Анда студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана заманбап педагогикалык тажрыйбаларды алмашуу боюнча  маалыматтар берилди. Ошондой эле академиялык окуу көндүмдөрүн, сынчыл ой жүгүртүүнү жана студенттердин командалык иштөөсүн өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары көрсөтүлдү. 

Сабактар жандуу өтүп, студенттер жаңы методикалар менен таанышуу менен катар аларды практика жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.  Бул иш сапар  эки окуу жайдын ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталды. 

Ал эми Эл аралык университеттинин жетекчилиги ОшМУнун окутуучуларына жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

 

Photogallery