Ош облусу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө тренерлерге конкурс жарыяланат!

Main News

Ош облусу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө тренерлерге конкурс жарыяланат!

Image

Ош мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 26-сентябрындагы №841-т тескемесине ылайык  2026-жылга карата мамлекеттик тапшырыктын алкагында Ош облусу боюнча мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүгө тренерлерге конкурс жарыялайт!

Окутуучунун/тренердин квалификациясына ылайык тандоо критерийлери:

• билим деңгээли, илимий даражасынын же илимий наамынын болушу;

• билиминин тандалган курстун багытына, тематикаларына дал келиши;

• мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбасынын болушу;

• окутуучулук/тренердик ишмердүүлүктө 2 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;

• илимий-усулдук иштелмелеринин, илимий басылмаларынын жана эмгектеринин болушу;

• тандоо критерийлерине жооп берген Университеттин штаттык окутуучулары конкурстук тандоодо артыкчылыкка ээ болушат.

 

Тажрыйбасын жана тандалган багытка дал келүүсүн тастыктоону талап кылган документтердин тизмеси (сканерленген көчүрмөлөрү, архивделген түрдө):

• окутуучунун/тренердин тандалган курстун аталышын көрсөтүү менен конкурстук тандоого катышуу жөнүндө арызы (эркин формада);

• резюмеси (анда тренингдерди/курстарды өткөрүү тажрыйбасын, иштеп чыккан окуу-усулдук колдонмолорун, илимий басылмаларын жана башка эмгектерин тастыктаган маалыматтарды көрсөтүү менен);

• тиешелүү билиминин, илимий даражасынын бар экендигин тастыктаган документтери; 

• тандап алган курстардын/темалардын багыты боюнча сертификаттары.

Документтерди 2025-жылдын 8-декабрына чейин кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борборунун аймактык жогорку окуу жайларында окутуу бөлүмүнүн башкы адиси Сатыбалдыева Акселкиге тапшыруу керек. 

Дареги: Ош шаары, А.Масалиев көчөсү, 80; Ош мамлекеттик университетинин Экономика, бизнес жана менеджмент интитуту Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу кафедрасы , 2-этаж, 203-кабинет; моб.телефону: +996 776 69-34-44 (Whatsapp).