АКАДЕМИЯЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ФОНДДУН (АИФ) ГРАНТТАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Main News

АКАДЕМИЯЛЫК ИННОВАЦИЯЛЫК ФОНДДУН (АИФ) ГРАНТТАРЫНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган “Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар” (КИВО) долбоорунун алкагында

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (ИЖББИМ) “Жогорку билим берүүдө сапат жана инновациялар” долбоорунун алкагында Академиялык инновациялык фонддун (АИФ) алгачкы гранттык конкурсуна билдирме кабыл алуу боюнча жарыялайт.

КИВО долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү. Бул максаттар төмөнкүдөй аракеттер аркылуу ишке ашырылат: Инновация жана изилдөөлөр борборлорун (ЦИИ) түзүү, Академиялык инновациялык фонд аркылуу улуттук экономиканын артыкчылыктуу тармактарында университеттер аралык изилдөөлөрдү колдоо жана жогорку билим берүү программаларынын сапатын жакшыртуу.

АИФ — бул жогорку окуу жайлардын илимий-изилдөө жана академиялык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу негизги механизм. Фонд алкагында 3 жылга чейин мөөнөт менен 200 000 АКШ долларына чейин грант берилет.


АИФтин МАКСАТЫ ЖАНА ГРАНТТАРДЫ КАРЖЫЛОО БАГЫТТАРЫ

Фонд жогорку окуу жайлардын ортосунда жана жогорку окуу жайлар менен экономика/өнөр жай чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого, ар кандай багыттагы академиялык жана илимий потенциалды жогорулатууга багытталган инновациялык долбоорлорду колдойт.

Гранттык долбоорлор төмөнкүлөрдү камтуусу керек:

  • Илимий долбоордун жана академиялык өнүгүү чараларынын так ишке ашыруу планы;

  • Накта суроо-талапка негизделген жаңы программаларды иштеп чыгуу жана/же кыска мөөнөттүү курстарды ачуу;

  • Санариптик технологиялар менен ИКТны интеграциялоо;

  • Тармактар аралык (интердисциплинардык) мамилелерди киргизүү.

Финансылык колдоого сунушталган долбоорлор Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясында белгиленген артыкчылыктуу багыттарга жана 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасына (Президенттин 2025-жылдын 5-июнундагы №178 Жарлыгы менен бекитилген) ылайык болушу керек.


АИФ долбоорлорунан күткөн негизги натыйжалар:

  1. Изилдөөнүн жыйынтыктык продуктусунун даярдалышы же илимий жыйынтыктардын сунушталышы;

  2. Академиялык программаларды иштеп чыгуу, жаңылоо, лицензия жана улуттук аккредитация алуу (зарыл болсо);

  3. Илимий макалалардын даярдалышы жана жарыяланышы;

  4. Жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана Меморандумдар аркылуу расмий бекитилген кызматташтыктарды орнотуу (ЖОЖдор жана өндүрүш мекемелери менен).


КИМДЕР КАТЫША АЛАТ:

  • Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке менчик университеттеринин бардык багыттардагы иштеп жаткан окутуучулары жана изилдөөчүлөрү.

  • Артыкчылык төмөнкүдөй долбоорлорго берилет:

    • Аялдар жетектеген;

    • Студенттер катышкан;

    • Коомдогу аярлуу катмарлардын өкүлдөрү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тартылган.


ГРАНТТЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА МӨӨНӨТҮ:

  • Максималдуу сумма: 200 000 АКШ доллары

  • Долбоордун узактыгы: 36 айга чейин

  • Тыюу салынган чыгымдар: курулуш, айлык акы, стипендия, унаа алуу.


КАНТИП КАТЫШУУГА БОЛОТ?

1-ЭТАП: Долбоор идеясынын (концепт) кыскача мазмунун тапшыруу

  • Акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 14-августуна чейин.

  • Форманы МНВОИнин расмий сайтынан жүктөп алууга болот:
    👉 https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387

  • Жөнөтүү дареги: aifgrant2025@gmail.com

  • Бардык түшкөн сунуштар кабыл алуу талаптарына жараша бааланат.

  • Тандалган катышуучулар экинчи этапка чакырылат.

Маалыматтык жолугушуулар: 2025-жылдын 16–22-июлуна чейин 3 университетте өткөрүлөт.

Ориентациялык семинарлар: 2025-жылдын 25-июлунда, 1 жана 7-августунда онлайн жана офлайн форматта өткөрүлөт. Семинарда арыз тапшыруу эрежелери, экологиялык жана социалдык талаптар, долбоор даярдоонун жолдору түшүндүрүлөт.


2-ЭТАП: Толук долбоор сунушун тапшыруу

  • Мөөнөт: расмий чакыруудан кийин 60 календардык күндүн ичинде.

  • Формасы МНВОИ сайтындагы 2-Приложениеде берилген.

  • Секретариат жардам берүүчү семинарларды өткөрөт.

  • Акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 23-октябрына чейин.


Маанилүү документтер жана формалар:

👉 https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387

Мындан тышкары, маалыматтар төмөнкү ЖОЖдордун сайттарында жеткиликтүү:

  • Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

  • Кыргыз улуттук университети

  • Кыргыз улуттук агрардык университети

  • Ош мамлекеттик университети


📧 Байланыш үчүн: aifgrant2025@gmail.com
🌐 Сайт: https://minnauka.gov.kg/?page_id=2387


Илимий жана академиялык идеяларыңызды ишке ашыруунун мыкты мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз – Кыргызстандын жогорку билим берүү системасынын өнүгүшүнө салым кошуңуз!