Haber

Бильярд боюнча ОшМУнун биринчилиги жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Ош шаарындагы "Классик" бильярд клубунда бильярд боюнча салтка айланган ОшМУнун биринчилигин өткөрдү.

Мелдештин жыйынтыгында 45 жаштан жогорку курактагы агайлар арасында :

1-орун: Алмаз Боркулов - Медицина факультетинин окутуучусу;

2-орун: Мурзахмат Юлдашев – Административдик чарба иштери боюнча департаменттин кызматкери;

3-орун: Абдылдаев Жоомарт – Эл аралык байланыштар факультетинин окутуучусу;

3-орун: Кубаныч Жапаров — Медициналык колледждин окутуучусу ээледи.

45 жашка чейинки курактагы окутуучулар ортосунда:

1-орун: Кубанычбек уулу Нурсултан – Кара-Суу гимназиясынын директору;

2-орун: Байышбек уулу Тынчтык – Медицинина факультетинин окутуучусу;

3-орун: Раимбердиев Тынар – Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу;

3-орун: Абдираимов Равшанбек – Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу ээледи.

1-орунду ээлеген окутуучуларга велосипед, 2-орунга спорттук күрмө, 3-орунга спорттук бут кийимдер, ошондой эле ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет.

1690 21:17 23-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|