Ош мамлекеттик университетинин кесиптик кошуун комитети 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата "Классик" бильярд клубунда ОшМУнун биринчилигин өткөрдү.
Мелдештин жыйынтыгында 45 жаштан жогорку окутуучулар арасында :
1-орун: Алмаз Боркулов - Медицина факультетинин окутуучусу;
2-орун: Мурзахмат Юлдашев – Административдик чарба иштери боюнча департаменттин кызматкери;
3-орун: Абдылдаев Жоомарт – Эл аралык байланыштар факультетинин окутуучусу;
3-орун: Кубаныч Жапаров — Медициналык колледждин окутуучусу ээледи.
45 жашка чейинки окутуучулар ортосунда:
1-орун: Кубанычбек уулу Нурсултан – Кара-Суу гимназиясынын директору;
2-орун: Байышбек уулу Тынчтык – Медицинина факультетинин окутуучусу;
3-орун: Раимбердиев Тынар – Эл аралык медицина факультетинин окутуучусу;
3-орун: Абдираимов Равшанбек – Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу ээледи.
1-орунду ээлеген окутуучуларга велосипед, 2-орунга спорттук күрмө, 3-орунга спорттук бут кийимдер, ошондой эле ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо.