Haber

ОшМУнун Киноакадемиясы алгачкы кино тасмасынын дебьюттук премьерасын тартуулады

Ош шаарындагы “Семетей” театрында ОшМУнун Киноакадемиясы тарабынан иштелип чыгып, тасмага түшүрүлгөн «Наристелердин чанырыгы» кино тасмасынын алгачкы дебьюттук премьерасы тартууланды.

Тасманын премьерасына университеттин проректорлору, окутуучулар, студенттер, чыгармачыл чөйрөдөгү инсандар катышышты.

«Бул тасма драматург Чынара Калыбекованын «Наристелердин чанырыгы» драмасынын негизинде иштелип чыкты. Буга чейин бул драманын негизинде Киноакадемия тарабынан спектакль тартууланган. Мында негизинен коомдогу орчундуу маселелер көтөрүлүп, жаштарды жеңил ойлуулуктан алыс болууга, убалдан коркууга, ар бир туура эмес жасалган кадамга турмушта жоопкер экендигибиз чакырык катары берилген. “Наристелердин чаңырыгы” тасмасы көп каражат, күчтүү техникалар менен эмес, чыныгы жүрөк менен тартылган тасма экендигин, режиссерлору Киноакадемиянын 2-курсунун таланттуу студенттери экендигин, тасманын көгүлтүр экранга чыгуусуна ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жана бир топ инсандар салым кошкондуктарын Киноакадемиясынын директору Улукбек Омокеев белгилеп өттү.

Кино тасманын режиссерлору жана тасмада башкы ролдорду жараткан Киноакадемиянын 2-курсунун таланттуу студенттери Абдыкерим уулу Тынчтыкбек жана Акбарали уулу Самат, башкы каармандын образын жараткан, көп кырдуу талант, Киноакадемиянын 1-курсунун студенти Алымбай кызы Аруна жана тасмада каармандардын биринин образын ачып берген 1-курстун студенти Марипбай кызы Айганыш, тасманын көркөм жетекчиси, режиссер, ОшМУнун Киноакадемиясынын окутуучусу Тимур Маматкуловдор ОшМУнун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле тасманы профессионалдык деңгээлде тартылышына өзгөчө салым кошкон Сьездбек Жолдошбаевге ыраазычылыктар айтылды.

Аталган тасма жакынкы күндөрдө театрлардан көрүүчүлөргө тартууланат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2018-жылдын декабрь айында өткөн студенттик спектаклдердин IV республикалык «Жаңы ысымдар» театр февтивалына ОшМУ Киноакадемиясынын студенттери “Наристенин чаңырыгы” спектакли менен катышып, «Мыкты дебют», ал эми Алымбай кызы Аруна “Мыкты актриса” наамына ээ болушкан.

2818 04:27 20-03-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|