Аталган иш чара 25-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулду. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын эң алдыңкы 69 студентине стипендияларды тапшырды.
«2015-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы болгон Ош мамлекеттик университетине тапшырдым. Өткөргөн ар бир студенттик күнүмө кайрадан кайтууну эңсөө менен карап келем.
Бул стипендияны алууну 1-курска студент болуп келгенде максат кылган элем. Бул ийгиликке жетишиме ата-энем, жакын санаалаштарым, мени окуткан агай-эжекелеримдин салымы чоң. Бул асыл инсандарга терең таазим этем», -дейт Мадина Суюнбаева.