Жанылыктар

ОшМУнун эки студенти Президенттин стипендиясына ээ болушту

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенти Мадина Суюнбаева жана медицина факультетинин студенти Жанара Жаркынбай кызы КРдин Президентинин стипендиясына ээ болушту.

Аталган иш чара 25-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулду. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын эң алдыңкы 69 студентине стипендияларды тапшырды.

«2015-жылы Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы болгон Ош мамлекеттик университетине тапшырдым. Өткөргөн ар бир студенттик күнүмө кайрадан кайтууну эңсөө менен карап келем.

Бул стипендияны алууну 1-курска студент болуп келгенде максат кылган элем. Бул ийгиликке жетишиме ата-энем, жакын санаалаштарым, мени окуткан агай-эжекелеримдин салымы чоң. Бул асыл инсандарга терең таазим этем», -дейт Мадина Суюнбаева.

3562 10:07 26-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|