Haber

СГД кафедрасы, декабрь, 2020: СГД кафедрасы “Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы студенттер арасында онлайн-сынак жарыялайт

12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы “Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы студенттер арасында онлайн-сынак жарыялайт. Сынактын максаттары: Студенттерди Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен тааныштыруу, Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу, чыгармалары аркылуу жаштарды адеп-ахлактыкка жана гумандуулукка тарбиялоо Сынакка эл аралык медицина факультетинин студенттери катыша алышат. Сынактын шарты: Залкар жазуучунун бир чыгармасынан үзүндү тандап, көркөм окуп берип, жатка айтып берип же обондуу ыр аткарып видео аркылуу жөнөтүү. Мөөнөтү: 2020-жылдын 11-декабрына чейин.
439 14:37 11-12-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|