СГД кафедрасы, декабрь, 2020: СГД кафедрасы “Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы студенттер арасында онлайн-сынак жарыялайт
14:37
12-декабрь Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы “Дүйнө Айтматовду окуйт” аталышындагы студенттер арасында онлайн-сынак жарыялайт.
Сынактын максаттары: Студенттерди Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен тааныштыруу, Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатуу, чыгармалары аркылуу жаштарды адеп-ахлактыкка жана гумандуулукка тарбиялоо
Сынакка эл аралык медицина факультетинин студенттери катыша алышат.
Сынактын шарты: Залкар жазуучунун бир чыгармасынан үзүндү тандап, көркөм окуп берип, жатка айтып берип же обондуу ыр аткарып видео аркылуу жөнөтүү.
Мөөнөтү: 2020-жылдын 11-декабрына чейин.
688 14:37 11-12-2020