Алдыңкы студенттердин ата-энелерине ыраазычылык кат жолдонду
13:56
20-05-2019
2392
2019-жылдын 20-майында ОшМУнун эл аралык медицина факультеттинин СГД
кафедрасы окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы
студенттердин ата-энелерине ыраазычылык кат жолдоду. Анда аракетчил, коомдо
сергек иш-аракеттери, жүрүм-туруму менен айырмаланган студенттерди
тарбиялаган ата-энеге айтылат.
Мындай иш-чаранын негизги максаты студенттерге жакшы окууга, үлгүлүү
жүрүм-турумна мотивация берүү менен алардын келечектеги кесибине болгон
ишенимин арттыруу.