2019-жылдын 20-майында ОшМУнун эл аралык медицина факультеттинин СГД кафедрасы окууда жана коомдук иштерге активдүү катышкан алдыңкы студенттердин ата-энелерине ыраазычылык кат жолдоду. Анда аракетчил, коомдо сергек иш-аракеттери, жүрүм-туруму менен айырмаланган студенттерди тарбиялаган ата-энеге ыраазычылык айтылат.
Факультеттин студенттерине жана кафедрага ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жаткан WCIE Consultant Dr. Waseem Khan Changwani да ыраазычылык баракча менен сыйланды.Мындай иш-чаранын негизги максаты студенттерге жакшы окууга, үлгүлүү жүрүм-турумна мотивация берүү менен алардын келечектеги кесибине болгон ишенимин арттыруу.