“Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч” аттуу адабий-музыкалык кече
11:11
2019-жылдын 17-сентябрында Мамлекеттик тил Мыйзамынын 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата даярдалган “Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Кечеге ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору тарых илимдеринин кандидаты, доцент С. Арстанов, факультеттин ПО курамы жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары катышты.
Келген конокторго студенттер тарабынан макал-лакап айтышуу, обондуу ырлар, Манас айтуу, улуттук бий жана көркөм окуу өнөрлөрү тартууланды.
Кече Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Э. Алишерова тарабынан уюштурулду.
Жигердүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
1176 11:11 18-09-2019