Жанылыктар

“Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч” аттуу адабий-музыкалык кече

2019-жылдын 17-сентябрында Мамлекеттик тил Мыйзамынын 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата даярдалган “Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч” аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кечеге ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору тарых илимдеринин кандидаты, доцент С. Арстанов, факультеттин ПО курамы жана мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары катышты. Келген конокторго студенттер тарабынан макал-лакап айтышуу, обондуу ырлар, Манас айтуу, улуттук бий жана көркөм окуу өнөрлөрү тартууланды. Кече Мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Э. Алишерова тарабынан уюштурулду. Жигердүү катышкан студенттерге сыйлыктар тапшырылды.
1177 11:11 18-09-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|