News

ОшМУнун бүтүрүүчү педагогикалык адистиктеринин 2019 - жылкы бүтүрүүчүлөрү мектептерге жумуш орундарына бөлүштүрүлдү

23-24-апрель кундөрү ОшМУнун педагогикалык адистиктеринин 2019 - жылкы бүтүрүүчүлөрүн мектептерге жумуш орундарына бөлүштүрүү иш чарасы өткөрүлдү.

Иш чарага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Бөжөнов, карьера борборунун жетекчиси Азиретали Маткалыков комиссиянын мүчөлөрү, факультеттердин декандары жана башка жооптуу кызматкерлер, ал эми жер–жерлерден Ош БИнөн, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынан, Ош, Жалал–Абад, Баткен областтарынын шаарларынын, райондорунун билим берүү башкармалыктарынан, мектерден өкүлдөр катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр талапнаамаларынын негизинде иш чарага келген жетекчилер менен түздөн-түз макулдашуулар менен мектептерге бөлүштүрүлдү.

2697 11:29 25-04-2019

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|