Иш чарага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, Аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин адиси Абдирасул кызы Жазгул, карьера борборунун жетекчиси Азирет Али Маткалыков комиссиянын мүчөлөрү, факультеттердин декандары жана башка жооптуу кызматкерлер, ал эми жер–жерлерден Ош БИнөн, Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынан, Ош, областынын райондордун билим берүү башкармалыктарынан өкүлдөр, мектеп директорлору жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынан, мектептеринен өкүлдөр катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр талапнаамаларынын негизинде иш чарага келген жетекчилер менен түздөн-түз макулдашуулар менен мектептерге бөлүштүрүлдү.