Жанылыктар

ОшМУда жазгы семестр гибриддик (аралаш) формада башталды

Ош мамлекеттик университетинде 1-февралдан тартып жазгы семестр окуу графигине жараша гибриддик (аралаш) формада башталды. Бирок баардык факультет, колледждерде окуу графиги бирдей эмес.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген уруксатына жараша даярдоонун бардык багыттары жана адистиктери боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери менен магистранттары, медициналык адистиктердин студенттери гана толугу менен реалдуу режимге окуй баштады. Ал эми калган кенже курстар гибриддик формада билим алышууда. Бардык окуу корпустарында санитардык-гигиеналык нормалар сакталып, коюлган талаптар аткарылууда.

Салттуу форматтагы окутуу жана аралаш окутуу форматы үчүн ОшМУнун AVN ИСинин ScheduleAVN.ехе программасын колдонуу менен сабактардын электрондук жадыбалын түзүү аркылуу окуу-процессин уюштуруу ишке ашууда.

Cтуденттер окуп жаткан сабактарынын интерактивдүү жадыбалын KelBil мобилдик тиркемесинен көрүшөт. Ушул окуу семестринен тартып KelBil мобилдик тиркемесинде онлайн универсалдуу аудиториясы термини киргизилди. Негизги максаты офлайн билим алып жаткан студенттердин санын азайтуу, санитардык-гигиеналык номаларды сактоо болуп саналат.

Окуу-процессинин уюштурулушу, сабактардын жадыбалдары менен иштөө жана санитардык-гигиеналык талаптарды, эпидемияга каршы режимди эске алуу боюнча студенттер үчүн ар күнү тарбиялык сааттар, адаптациялык семинарлар, түшүндүрүү иштери алып барылууда.

1465 16:27 02-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|