Жанылыктар

«Өткөндү эстеп келечекти күтө билгендигибиз үчүн барбыз» атуу илимий-маданий жумалык жыйынтыкталды

2018-жылдын 28-декабрында ОшМУнун Теология факултетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган «Өткөндү эстеп келечекти күтө билгендигибиз үчүн барбыз» атуу илимий-маданий жумалыкты жыйынтыктоо аземи болуп өттү. Ага ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору доцент С. Арстанбеков, ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору доцент Т. Колдошов, теология факультетинин деканынын м.а. Ө. Зууридинов, теология факультетинин деканынын орун басары Абдулмежит Исламоглу, теология факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басарынын м.а. доцент Ниязали Арипов жана башка агай эжекелер катышты. Илимий-маданий жумалык 24-декабрдан 28-декабрга чейин болду. 24-декабрда жумалыктын ачылышы болуп, окуутучулар тарабынан макалалар сунулса, 25- декабарьда студенттер арасында «Интелектуалдык оюн», 26- декабрь «Поэзия жарышы», 27- декабрь «Документалдык фильм көрсөтүү» иш-чаралары болду. Ошондой эле теология факультетинин жана теология колледжинин ар бир тайпасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына байланыштуу дубал газета жана декорацияларды жасап факультеттин коридорлоруна коюшту. Жогоруда айтылган иш-чаралардын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

1835 19:34 28-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|