Жанылыктар

Теология факултетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата илимий-маданий жумалык башталды.

Ош Мамлекеттик университетинин теология факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Өткөндү эстеп келечекти күтө билгендигибиз үчүн барбыз» аттуу илимий-маданий жумалык башталды. Бүгүн 24- декабрь күнү Теология факультетинин жыйындар залында жумалыктын ачылыш аземи болуп өттү. Аземдин расмий бөлүгүн теология факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары доц. Ниязали Арипов агай жетектеп, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Кенжаев Идирис Гуламович, Теология факультетинин деканынын орун басары Абдулмажит Ислам оглу, Мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Шарипова Мастура Сайпидиновна маңыздуу сөздөрү менен аземди ачып беришти. Иш чаранын жүрүшүндө Түркиядан келген конок доцент Вахиде Фидан Доган «Совет мезгилиндеги атеисттик саясаттын алкагында Ч. Айтматовдун: «Кылым карытар бир күн» романындагы исламдык символдор жана негиздер»-деген темада, ал эми доцент Ажимаматов Зайлабидин агай «Кылым карытар бир күн» романындагы диний терминдерге теологиялык анализ»- деген темада доклад окуса, Зууридинов Өскөн агай «Кыямат повестинде Библядан үзүндүлөр» деген темада даярдаган макаласын сунду. Иш чаранын экинчи бөлүгү студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен улантылды. Өзгөчө Ч. Айтматовдун чыгармаларынын алкагында даярдалган көрүнүштөр, монолог көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Бул илимий-маданий жумалык 28-декабрга чейин улантылмакчы. 25- декабарь «Интелектуалдык оюн», 26- декабрь «Поэзия жарышы», 27- декабрь «Документалдык фильм көрсөтүү», 28- декабрь «Сыйлык тапшыруу аземи» болуп өтмөкчү.

1691 00:03 25-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|