Жанылыктар

“ANATOMICUM”, 2019, сентябрь: КАДРЛАР РЕЗЕРВИНЕ КИРҮҮ СЫНАКТАРЫ УЮШТУРУЛДУ

ОшМУнун ички кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОсуна ылайык кезектеги кирүү сынактары 2019-жылдын август айынын аягында (28-30.08.19) жана сентябрь айынын башында (10-12.09.19) уюштурулду. Кафедранын лаборанттары Манас кызы Уулкан жана Алимбекова Айпери аталган сынактын 1- жана 2-турларынан ийгиликтүү өтүшүп, ОшМУнун ички резервине катталышты. Аталган жобо Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына, “Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө”, “Жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө” жоболоруна, “ОшМУну 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясына” ылайык иштелип чыкты жана бул жобо Ош мамлекеттик университетинин ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин укуктук негиздерин жана тартибин аныктайт. Ички резерв – Ош мамлекеттик университетинин кафедраларында профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарын ээлөө үчүн атайын жана алдын ала уюштурулган конкурстан ийгиликтүү өткөн талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
1611 14:16 19-09-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|