СГД кафедрасы, июнь 2020: Мамлекеттик тил күнүнө карата СГД кафедрасынын онлайн адабий-музыкалык иш чарасы.
11:29
24-09-2020
748
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы
«КЫРГЫЗ ТИЛИ - БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУҢ, АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУН!» аттуу онлайн адабий-музыкалык иш чара өткөрдү. Иш чарага эл аралык медицина факультетинин студенттери активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 2-курстун студенти Mитилда Манож кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардын өмүр таржымалы жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, монологторду жана ырларды, көркөм окууларды аткарышты.